Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. АКШнын Техас штатында жүк ташуучу унаадан 46 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Интерфакс Associated Press`ке шилтеме менен билдирди.
“Адамдар ысыктан каза болушкан. Болжолдонгондой, каза болгон адамдар - АКШ чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган мигранттар болгон. 16 адам аман калып, алар медициналык мекемелерге жеткирилген”, - деп жазат ЖМКлар.
Кошумчалангандай, унаанын ичинде суу жана кондиционер болгон эмес.
Ошондой эле өлүктөр табылган жерде абанын табы +40 градуска жеткендиги белгиленген.
Пикир
Оставить комментарий