• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Текшерүү иштерине байланыштуу карантиндик посттордо тыгын жаралууда – Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Санитардык-карантиндик посттордо жүргүзүлүп жаткан текшерүүгө байланыштуу тыгындар жаралууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Облустардын чектеринде жана Бишкек шаарына кире бериш жерлерде, тактап айтканда, Чүй облусунун Бишкек–Кант (Киргшелк), Бишкек–Кара-Балта (Сосновка жана Маловодное), Бишкек–Нарын–Торугарт (Кызыл көпүрө) унаа жолдорунда санитардык-карантиндик постор орнотулуп, ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү кызматтар айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ошол себептен посттордо унаалар топтолуп калууда", - деп билдирет аталган башкармалык.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы, жол кырсыктарын алдын алуу жана илдеттин инфекциясын жайылышына жол бербөө максатында, жарандарга, жол кыймылынын катышуучуларына (айдоочулар жана жүргүнчүлөргө) буга түшүнүү менен карап, бардык шарттарды аткарып, карама-каршы тилкелерге чыгып жол кыймылына тоскоол болбой, жол кыймылынын эрежелерин толук сактап, посттон ирээти менин өтүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 7 облусунда 14 санитардык-карантиндик пост орнотулууда.

Дареги:

- Баткен облусунда – 1 пост (Караван айылы);

- Ош облусунда – 4 пост (Кара-Суу районунун Жапалак жана Мады айылдары, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылы);

- Жалал-Абад облусунда – 1 пост (Чычкан посту);

- Талас облусунда – 1 пост (Талас районунун Көпүрө-Базар айылы);

- Нарын облусунда – 1 пост (Кочкор районунун Сары-Чат айылы);

- Ысык-Көл облусунда – 1 пост (Кубакы посту);

- Чүй облусунда – 5 пост («Сосновка», «Маловодное», «Киргшелк», «Ак-Жол», Алматы-айланма жол посттору).

Санитардык-карантиндик посттор 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.

Аталган посттордо жергиликтүү бийлик органдар өкүлдөрү, ӨКМ, ИИМ органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери турушат.

Пикир

Оставить комментарий