• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тель-Авивде "Евровидение-2019" ыр сынагы башталды

Дүйнө 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. 12-майда Тель-Авивде эл аралык "Евровидение-2019" ыр сынагы башталды. 41 өлкөнүн ырчылары менен коноктору Габима театрынын алдындагы аянтагы “кызгылт-сары килемден” өтүштү. Бул тууралуу ТАСС маалымдады.

"Евровидение-2019" сынагынын жарым финалы Тель-Авивдин Көргөзмө борборунда 14-16-майда, финал ошол эле жерде 18-майда болот. Орусиядан ырчы Сергей Лазерев Scream ыры менен катышууда. Ал экинчи жарым финалда 13-номур менен чыгат.

Израиль телеканалдары Тель-Авивде "Евровидение" ыр сынагы учурунда коопсуздук чараларын күчөтүлгөнүн билдиришүүдө. Шаарды 20 миң полиция кызматкери кайтарат. Сынактын бардык иш-чараларына курал менен кирүүгө тыюу салынды.

Пикир

Оставить комментарий