• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Жумабеков жаңы жылга карата кат жазган жеткинчектин тилегин орундатты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Чоң-Жар айылындагы Нурлан Рахманов атындагы орто мектептин 2-классынын окуучусу Казыбаев Базысбек Жогорку Кеңештин Төрагасына кат жазып, өзүнө, эжесине жана бөбөгүнө майрамдык белек берүүсүн өтүнгөн. Кат менен таанышкан Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Базысбектин тилегин орундатуу тапшырмасын берген эле.

Жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп эмгектенген Талантбек Рыспаев майрамды утурлай уулунун катына жооп берген Төрагага ыраазычылык билдирип, анын баалуу белеги уулунун жакшы окуусуна түрткү болорун билдирди.

“Уулума мектептен Аяз атага кат жазып кел деп тапшырма бериптир. Биз Аяз атага эмес, Жогорку Кеңештин Төргасына кат жазууну чечтик. Базысбек катты өзү жазды. Төрагага башка да балдар кат жазат болуш керек, бирок менин уулумдун катына жооп берип, катта жазылган өтүнүчүн орундатканы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирем”, - деди Талантбек Рыспаев.

Спикердин колунан белек алып, кубанычы коюнуна батпай турган Базысбектин апасы Гүлзат Арыкова жети баланы тарбиялоодо. Төраганын белеги жогорку окуу жайларда окуган Базысбектин байкелери менен эжелеринин да окуусуна көмөкчү болорун белгиледи.

“Өзүм Баатыр энемин, жети балабыз бар, улуу балабыз 21 жашта, кичүүбүз 5 жашта. Төраганын бүгүнкү белеги биздин үй-бүлө үчүн өтө чоң кубаныч болду. Студент балдарым ноутбук алып бериңиздер дегенинен аны алып бере албай жүргөнбүз. Аны бүгүн минтип Төраганын колунан алып отурабыз. Жалгыз эле Базысбектин эмес, студент балдарымдын да окуусу жеңилдейт деген ойдомун”, - деди Гүлзат Арыкова.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кичинекей Базысбектин үй-бүлөсүнө ноутбук, уюлдук телефон жана чана белек кылды.

Пикир

Оставить комментарий