• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Телефонду кантип кармасаңыз, ошого жараша мүнөзүңүз бар

Дүр дүйнө 0

Окумуштуулар адамдар телефонду кантип кармашарын изилдешкен. Көрсө, бул түздөн-түз биздин инсандык сапаттарыбызды аныктайт экен. Бул тууралуу Line Today ырастайт.

Телефон кармоонун төрт негизги ыкмасы бар жана алардын ар бири адамдардын мүнөзүнө дал келет. Сиз кандай экениңизди төмөндө аныктап алыңыз.

1. Телефонду бир колуңузга алып, бармагыңыз менен текст жазасыз.

Эгерде телефонду бир колуңузга кармап, бармагыңыз менен текст терсеңиз бул сиздин көп жактуу экениңизди билдирет. Сиз тартиптүү, ирээттүүсүз жана сизге эмне жакшы, кайсы начар экенин ар дайым түшүнүп турасыз.

Көбүнесе укканга караганда, сүйлөгөндү жакшы көрөсүз. Бирок атайылап чымынга да зыян келтирбейсиз.

Чыныгы сүйүүнү жасалмалуулуктан айырмалап биле аласыз. Түгөйүңүз үчүн баарына даяр турасыз.

2. Телефонду эки колдоп кармап, текстти бармагыңыз менен тересиз.

Бул сиз колдоого ишенип, көңүл буруу жана камкордукту күтүп турарыңызды көрсөтөт.

Сиз сезимдериңизди көп эле ачыкка чыгара бербейсиз, ошондуктан түгөйүңүз сүйүүнүн жетишсиздигин сезиши мүмкүн.

Жумшак болуп, адамдарга эмоцияңызды көрсөтүүдөн тартынбаңыз.

3. Телефонду эки колдоп кармап, текст жазууда эки бармагыңызды колдоносуз.

Сиздин жүрөгүңүз кыйла начар, көп коркуп, кабатырлана бересиз.

Сизге өзүңүздү 100%га түшүнгөн түгөй керек. Эгерде сизди ишенимдүү адам колдоп турса, анда сиздин өзүңүзгө ишенимиңиз артып турмакчы.

Өзүңүз тандаган адамды чын жүрөктөн жакшы көрсөңүз, өткөн кыйынчылыктарды оңой эле унута аласыз.

4. Телефонду бир кол менен кармап, текстти сөөмөйүңүз менен жазасыз.

Сизге тынч жана оор басырыктуу жүрүм-турум мүнөздүү. Сиз башкаларга жакшылык кылуу үчүн бардык нерсени курмандыкка чалууга даярсыз.

Көпчүлүктү жактырбайсыз, тынч жана тааныш жерлерде болгон жагат. Сиз үчүн сүйүүдө да тынчтыктын болушу жакшы.

Ал эми сиз эч чыдай албаган нерсе – бул жакын адамдарыңыздын көз жашы. Сүйүктүүлөрүңүздүн катачылыктарын рекорддук ылдамдыкта кечиресиз.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий