• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Темир чатырлар учуп, бак кулады: Токмоктогу катуу шамалдын кесепеттери

Аймак 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Токмок шаарында болгон катуу шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, шамал бүгүн саат 12:40тар чамасында катталган, ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен.

"Шамалдын кесепетинен Шамшы көчөсүндө жайгашкан №36 көп кабаттуу турак үйдүн 450 чарчы метр темир чатырын шамал учуруп, 2 турак үйдүн чатырына бак кулаган. Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий