• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Темир Сариевге 1000 сом айып пул салынды

Коом 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Мурдагы өкмөт башчы, президенттикке талапкер Темир Сариевге жол эрежесин бузгандыгы үчүн 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды. Бул маалыматты Сариевдин расмий өкүлү Назира Ахмедова тастыктады.

Темир Сариев “Фейсбук” социалдык баракчасына өткөн аптада жол эрежесин бузгандыгы кызуу талкууга түшкөнүн жазган.

Анын айтымында, кыргыз тили боюнча экзаменден кийин ал жумушчу сапары менен кетип, учурунда аракет көрө албай калган.

“Жумушчу сапардан келгенден кийин инспектор Чынгыз Мамытов менен байланышып, протокол менен таанышкан соң айып пул төлөдүм”,-деп жазды Сариев. Ошондой эле, Сариев коомдун активдүү позициясы жагымдуу болгонун кошумчалаган.

Мурдараак социалдык түйүндөрдө Сариевдин унаасы Улуттук университеттин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгинин үстүндө токтоп турган сүрөтү кызуу талкууланып, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Мындан тышкары анын рулда коопсуздук курун тагынбай отурган сүрөтү чыккан.

Пикир

Оставить комментарий