• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Темир түтүк менен башка чапкан: Ошто күйөөсүнүн өлүмүнө шектелген келин кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Ошто күйөөсүнүн өлүмүнө шектелген келин кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери тарабынан күйөөсүнүн өлүмүнө шектүү делген 28 жаштагы келин кармалган. Шектүү Алай районунда каза болгон күйөөсүн жоктоп боз үйдө ыйлап отурган жеринен колго түшкөн.

Шектүү 1991-жылкы Ош шаарынын П.Г., аттуу тургуну күйөөсүн темир түтүк менен башка чапканын айтып берген.

"Маркум 46 жашта болгон. Акыркы кездери аялы менен өз ара араздашып жүрүшкөн. 19-ноябрда болжол менен саат 23:30да маркум Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы темир түтүк менен башына үч жолу чапкан. Натыйжада Ү.Ы., аттуу жаран Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон. Аялы менен кошунасы тез жардам кызматын чакырышкан. Шектүү келин кылмыштын изин жашыруу максатында күйөөсү сырттан жаракат алып келгендигин билдирген", - деп маалымдашты облусттук милициядан.

Маркум Ош шаарында маршруттук такси айдап иштечү. Төрт баланын атасы.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери башталды. "Далил катары узундугу 97 см, диаметри 12 мм болгон арматура алынган. Шектүү келин Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий