• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Темир жол аркылуу жүк ташууну кантип уюштуруу керек? Жооп

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы темир жол аркылуу жүк ташууну кантип уюштуруу керектиги боюнча маалымат берди.

"Кыргыз темир жолу" МИ транспортунун туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында, чарба жүргүзүүчү субъекттердин темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн жана Кыргызстандын калкынын жүргүнчүлөрдү ташуу муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлгөн.

Жүктөрдү жеткирүүдө жеңилдеткен ар кандай артыкчылыктар бар:

- Кыргызстандын түштүк аймактарында Өзбекстанга көмүр экспорттоого 40% жеңилдик;

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан багыты боюнча жана андан ары Азербайжан, Түркия жана Европа же Иран жана Перс булуңунун өлкөлөрүнө мультимодалдык ташууларды көбөйтүү үчүн чоң сыйымдуулуктагы контейнерлерди ташуу наркы 70%дан ашык кыскартылды (Кашгар-Ош-Анжиян маршруту боюнча);

- Өзбекстан аркылуу транзиттик жүктөрдү Кыргызстандын түштүк аймактарына/түштүк аймактарынан ташуу үчүн "Өзбек темир жолу" тарабынан 50%га чейинки өлчөмдөгү жеңилдик ;

- Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнүн станциясында контейнердик поезддин курамында Иранга/Ирандан контейнерлерде жүктөрдү ташуу үчүн 90%га чейинки арзандатуу менен атайын тариф.

Жүк ташууга заказ берүү үчүн сизге төмөнкүлөр керек:

- жүктү жөнөтүү үчүн жүк жөнөтүүчү “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматтык-эсептөөнү камсыздоо боюнча филиалынан төрт сандуу темир жол кодун алышы керек;

- жүк жөнөтүүдөн мурда жүк жөнөтүүчү арыздын нускасын ишкананын Жүк ташуу жана коммерциялык иштер бөлүмүнө жеткирет же kjd.kg расмий сайттан Интерактивдүү портал кызматын пайдаланып, "Маалыматтык кызматтар" бөлүмүндөгү ай сайын кабыл алган АС “Месплан” программасына 5 күн мурда жүк ташууга катышкан темир жол администрациялары менен пландоо жана макулдашуу үчүн бардык маалыматтарды киргизип, кайрылуу керек;

- Ар бир өтүнмө АС "Месплан" программасы аркылуу жүк ташуу макулдашуусунан өтүшү керек.

- Жүк ташуу жана коммерциялык иштер бөлүмү тарабынан бул арыз жактырылгандан кийин жүктү жүктөөгө уруксат берген буйрук жөнөтүү станциясына жиберилет.

Байланыш маалыматтары:

- вагон же контейнер пландоо телефону: +996 (312) 92-73-36

- кызмат көрсөтүүнүн шилтемеси: http://kjd.kg/ru/freight-transportation/

Пикир

Оставить комментарий