• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Темир жол транспортун 2015-жылга чейин өнүктүрүү Концепциясынын долбоору талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Темир жол транспортун 2019-2015-жылдарга карата өнүктүрүү Концепциясынын долбоору талкууланууда, - деп билдирет "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы.

Талкуу ишкананын профсоюз уюмунун, филиалдардын жана башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда өткөн.

Алгач, ишкана жетекчиси Канатбек Абдыкеримов сунушталган Концепция боюнча кеңири маалымат берди.

"Анын айтымында бул документтин негизги максаты: темир жолун өнүктүрүү, темир жол аркылуу жүктөрдү ташууну камсыздоо үчүн тийиштүү шарттарды түзүү болуп эсептелет. Ошондой эле ишкананын ишмердүүлүгүн жогорулатуу, модернизацияланган өнүгүү жолуна түшүү башкы максаттардан", - деп кабарлашты ведомстводон.

Темир жол транспортун 2019-2025-жылдарга карата өнүктүрүү Концепциясынын долбоорунда “Россия темир жолу” ААКсы менен биргеликте вагон чарбасын модернизациялоо, билет бааларына жеңилдиктерди киргизүү маселеси да каралган. Ошондой эле “Луговая Балыкчы” темир жолун электрлештирүү иштери, турак-жайга муктаж темир жолчулар үчүн турак-жай куруу маселеси жана “Локомотив” спорт комплексин өнүктүрүү иштери да киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий