• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Темир жолчулар окуучуларга коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. “Кыргыз темир жолу" УК” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери орто мектептин окуучулар арасында темир жолдун жанында жүргөндө коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Темир жолчулар белгилегендей, темир жолдо жаракат алуунун негизги себептери болуп, этиятсыздык, өтмө көпүрөлөрдү колдонбоо, бейбаштык, темир жолдо жана ага чектеш аймакта оюндарды уюштуруу саналат.

Маселен, бүгүн, 15-октябрь күнү темир жолчулар Ала-Тоо конушундагы темир жолго жакын жайгашкан № 82 орто мектебинин окучууларына атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө темир жолго байланыштуу өздүк коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат беришти.

«Темир жол коркунучтуу участок экенин эстен чыгарбоо керек. Көбүнчө жаш балдар темир жолдорго таш, жана башка буюмдарды коюп коюшат, жанына келип ойношот, темир жолду аркалап басып жүрүшөт. Бул өтө кооптуу көрүнүш, поезд жеңил унаадай эмес, аны ыкчам токтоткон кезде деле поезд дагы бир нече метр жүрүп, токтойт”, - деп кошумчалады жол чарба филиалынын эмгек коргоо инженери Азамат Оторбаев.

Ишкананын адистери мектеп окуучуларына темир жолдогу жеке коопсуздук эрежелерин эске салышты:

- темир жолдо атайын жасалган жөө адамдар өтүүчү жолдор аркылуу гана өтүү зарыл;

- жылып бараткан жылма курамдын алдында жолдор аркылуу өтүүгө катуу тыюу салынат.

- өтмөктүн көрүнүктүү жерлеринде жана аянтчаларда илинген жарык жана үн сигналдарына, эскертүүчү белгилерге көңүл буруу зарыл;

- платформанын четине жакындабаңыз, анткени ал аба толкуну, айдоочунун кабинасындагы артка караган күзгүсү кулатып кетиши мүмкүн;

- поездден өтүүдө рельстен кеминде 5 метр аралыкта болуу керек;

- поезд өткөндө жолдордун ортосунда болууга катуу тыюу салынат;

- платформага чуркабаңыз - поезддин дөңгөлөгүнүн астына мүдүрүлүп, жыгылып кетишиңиз мүмкүн;

- платформадан жолго секирүүгө тыюу салынат;

- мектепке чейинки курактагы балдарга темир жолго киргенге тыюу салынат;

- темир жолдун жанында ар кандай оюндарды уюштурууга тыюу салынат;

- темир жолдон өтүүдө наушникти колдонууга тыюу салынат.

Кошумчалай кетсек, компаниянын жол чарба филиалы Турксиб станциясынан Балыкчы станциясына чейин поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо менен алектенет.

Мындан тышкары, филиалдын кызматкерлери темир жолдун боюнда жайгашкан калк арасында, мектеп, уюмдардын кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жалпысынан темир жолго жакын жайгашкан 54 мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий