• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Темир жолдо адамды куткарып, эки бутунан ажыраган Тилек жардамга муктаж

Кырсык 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Жаңы жылдын алдында Тилек Жумабеков темир жолдо адамды куткарып, жыйынтыгында поезд алдында калып, эки бутунан ажыраган.

Жумабековдун тууганынын айтымында, ал Бишкектеги №4 шаардык клиникалык ооруканада дарыланууда.

"Учурда Тилек өзүнө келе элек. Дарыгерлер ага жетиштүү кан куюлса, жашап кетүүсүнө 20% кепилдик берүүдө", - дейт Жумабековдун тууганы.

Ошол эле учурда жабырлануучунун үй-бүлөсү оор каржылык абалда экендиги жана дары-дармектин чыгымдарын жана алдыдагы операцияны көтөрө албай жатканы маалымдалды.

ИИМден "Кабар" агенттигине билдиришкендей, Кемин районунда 31-декабрда саат 23:45тер чамасында 25 жаштагы жигит поезд алдында калган. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Тилек Жумабековдун үй-бүлөсү кыргызстандыктардан кан тапшырууну жана каржылык жактан жардам берүүнү суранат.

Телефон номери: 0709 200772.

Реквизиттер:

Optima bank: 6233 6014 9081 6742;

Элсом: 0504 410014;

Сбербанк: 4276 3801 1886 9382.

Пикир

Оставить комментарий