• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Темир Жумакадыров асманда жарк этип жанган жылдыз эле, кара булуттар аны жаап калды - Атамбаев

Коом 0

Бишкек, 09.10.17./Кабар/. КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-октябрда, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын вице-премьр-министри Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүн биз келечекте өлкөнүн лидерлеринин бири боло турган адам менен коштошуп жатабыз деп белгилиледи.

“Темир, сен президент боло турган жигитсиң деп айткам. Ал өлкө башчысы боло турган жигит болчу. Укмуштай таза, көрөгөч жана жаштыгына карабастан акылман эле. Коррупцияга каршы күрөштө, күч органдарын реформалоодо өлкө үчүн ал абдан көп иш жасады”,- деп Президент Алмазбек Атамбаев көп учурда аны менен кеңешип турганын кошумчалады.

“Кыргыз Республикасынын вице-премьерлик кызматка дайындап жатып мен ага “Темир, сен келечекте өлкөнүн Премьер-министринин, Президентинин жогорку кызматын ээлей турган адамсың. Ошондуктан сен Өкмөт кандай иштегенин көрүшүң керек дегем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Темир Жумакадыров асманда жарк этип жанган жылдыз эле, кара булуттар аны жаап калды, бирок анын жарыгы жүрөгүбүздө сакталат”,- деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Коштошуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана күч блогунун жетекчилери, Темир Жумакадыровдун туугандары жана жакындары катышышты.

Пикир

Оставить комментарий