• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгынын күбөлөрү изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.10.17./Кабар/. ИИМдин партульдук милициясынын Башкы башкармалыгы Москва районундагы Садовое айылында болгон жол кырсыгынын күбөлөрүн издөөдө. Кырсыктан вице-премьер Темир Жумакадыров анын айдоочусу Нурбек Муканов жана жардамчысы Нурлан Жамгырчиев каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин ПМББнан кабарлашты.

Эске сала кетсек, 7-октябрда Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында болжол менен таңкы саат 6.30 чамасында жол кырсыгы катталган. КамАЗ жана Toyota Land Cruiser Prado унааларынын кагылышынан 3 адам каза болгон.

“КАМАЗдын” айдоочусу рулду башкара албай, “Тойота Ленд Крузер Прадо” унаасы менен кагылышкан. Кырсыктык кесепетинен Темир Жумакадыров, жардамчысы жана айдоочусу каза болуп, “КАМАЗдын” жүргүнчүсү денесинен жарат алган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурла териштирүү амалдары жүрүудө.

КР ИИМ Патрульдук милициясынын Башкы башкармалыгы жарандарга жана жол кырсыгынын күбөлөрүнө жардам берүүлөрүн өтүнүп кайрылышат. Маалымат билгендер болсо (0-555) 123 737, (0-553) 292 626, (0-312) 630 901 номерлерине чалып, кабарлап коюуну суранышат.

Пикир

Оставить комментарий