• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Темир Жумакадыров: “Таза Коом” долбоору жол кырсыгын азайтууга көмөк берет”

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Таза Коом” долбоору жол кырсыгын азайтууга көмөк берет. Бул тууралуу бүгүн унаа жолдорунун абалын жана мамлекеттик органдардын көптөгөн адам курмандыктарына алып келип жаткан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча имшердигин талкуулоо боюнча жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жол кырсыктарынын саны жогорку бойдон калууда. “Биз туруктуу негизде абалга мониторинг жасап, мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу максатында жолдордо кырсыктарга жол бербөө жана айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуунун үстүндө иштеп жатабыз. Ички иштер министри туура белгилеп кеткендей, жолдордо фото жана видео байкоо камераларын орнотууну активдештирүү зарыл. Буга байланыштуу, учурда ишке ашырылып жаткан “Таза Коом” долбоору жоопкерчиликсиз айдоочулардын маселесин чечүүгө шарт түзөрүн белгилеп кетким келет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий