• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК кызматкерлери жаңы батирлүү болушту

Президент 0

БИШКЕК, 24.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров бүгүн, 24-августта, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн Бишкек шаарында курулган көп батирлүү эки турак жайдын ачылышын аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Темир Жумакадыров жаңы конуштуу болгондорго Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөздөрүн жеткирди. “Мен бүгүн өлкөбүздүн Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин атайын тапшырмасы менен, жаңы батирлердин ээлерин турмушундагы эң жакшы окуялардын бири – жаңы үйлүү болушу менен куттуктап коюу үчүн келдим. Мамлекет башчыбыздын атынан сиздерге турмушта жана кызматта ишенимдүү тирек болгон сиздердин туугандарыңыздарга жана жакындарыңыздарга жылуу куттуктоо сөздөрдү жеткирип коюу мен үчүн парз. Бардыгыңыздарга жооптуу ишиңиздерге ийгилик, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм”,- деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Тилекке каршы көп жылдар бою укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн үй курулат деген нерсе алыскы кыял сыяктуу сезилчү, деп белгиледи ал. Бирок акыркы 3-4 жылдын аралыгында улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери үчүн эле көп батирлүү 4 үй курулду. Бүгүн кезектеги дагы эки үйдүн курулушу аяктап, 81 үй-бүлө кызматтык турак жайдын ачкычтарын алып жатышат.

“Аскер кызматкерлери, күч структураларынын жана ӨКМ кызматкерлери үчүн дагы үйлөр курулуп жатат. Бул багыттагы иштерди уланта беребиз”, -деп сөзүн жыйынтыктады Темир Жумакадыров.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Мамлекет башчысынын атынан жаңы үйлөрдүн жанына балдар үчүн аянтчаларды куруу үчүн 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Иш чарага УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Раимберди Дүйшөнбиев дагы катышышты.

Пикир

Оставить комментарий