• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Темир Жумакадыровдун атасы баласына арнап ыр жазган

Коом 0

Бишкек, 9.11.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Темир Жумакадыровтун атасы – Курмангазы Жумакадыр уулу баласына арнап ыр жазган. Ыр саптарын Темир Жумакадыровдун жакын досу Илим Карыпбеков Фейсбук баракчасына жарыялады.

«Бүгүн эртең менен Темирдин үйүнө барсам, Курмангазы атам Темирге кат жаздым эле дейт... Уруксаат сурап жарыялап атам. Темир Жумакадыровдун Атасынын баласына кайрылуусу. Бир Атага мындайды каалабайм», - дейт Карыпбеков.

Темириме...

Качандыр бир мен жаныңа барамын,

Кайта келгис жалгыз жолдон тосуп ал.

Жүрөгүмдүн сагынычы жазылаар,

Сага айтаар түгөнбөгөн сөзүм бар.

Аалам ээси чакырган соң күтүүсүз,

Жашоом өтө кайгы менен сени эстеп.

Бала чактай жүрсөң керек жанында,

Чоң атаңа, чоң энеңе эркелеп.

Биз көрбөгөн мейкиндикте жүрөсүң,

Бейиш бакта, анда гүлдөр ачылат.

Үй-бүлөлүк күлүп түшкөн сүрөттөн,

Карегиңден өмүр оту чачылат.

Өзөк өртү туталантат кайрадан,

Баса турган, суута турган дарман жок.

Кайрат бергин деп суранам кудайдан,

Андан башка аргам да жок, арман көп.

Жер айланып, күндөр өтөт саналып,

Күндө жаңы кубаныч, өкүт жаралып.

Жылдар өтсө дарылайт дейт адамды,

Бирок кайгы кетпейт окшойт карарып.

Карамолдо “Көкөй кести” күүсүнүн,

Кайрыктары сезимимди сыздатат.

Качандыр бир күүгө салган күйүтү,

Комуз тили жүрөгүмдү ыйлатат.

Кулунусуң Ысык-Көлдүн элинин,

Туулуп өскөн Чолпон-Ата жеринин.

Баяныңда сыймык менен айтчусуң,

Чоң атаңдан таржымалын тегиңдин.

Неберемдин улуусу деп кубанып,

Чоң энең да сени бөлөп бешикке.

Өмүр бер деп теңиримден суранып,

Эмгегинин жемиштерин теришке.

Бул дүйнөнүн түзүлүшүн айкындап,

Билгиң келип аалам кандай экенин.

Бала чакта умтулгансың акылга,

Келсе керек сүтү менен эненин.

Мезгил, сени сүйлөшүүгө чакырдым,

Кайда болсо дүйнө кезип барайын.

Токтоп турчу, артка кайтчы убакыт,

Мен баламды аман сактап калайын.

Мезгил бирок алды көздөй шашылат,

Ат чапкандай камчы менен сабалап.

Өтүнүчүм кала берди угулбай,

Дарбазасын бизди күтпөй жаап алат.

Качандыр бир мен жаныңа барамын,

Кайта келгис жалгыз жолдон тосуп ал.

Жүрөгүмдүн сагынычын жазаармын,

Сага айтаар түгөнбөгөн сөзүм бар.

Пикир

Оставить комментарий