• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Темирбек Асанбеков: Жаңы Конституция саясий элита үчүн да, коомчулук үчүн да өнүгүүнүн пайдубалы болуш керек

Коом 0

Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери бир катар кыйынчылыктарды баштан кечирди, биз өлкө менен оюн ойногондой таасир калтырат. Бүгүн эл да, мамлекет үчүн жоопкерчилик алган саясий күчтөр дагы ойлоно турган учур келди. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн референдум – эл менен бийликтин ортосундагы консенсус. “Саясий өзгөрүүлөрдөн, өспөгөн экономикадан тажаган эл кандайдыр бир алмашууну талап кылат. Каатчылык туруксуздукту жаратат, өз кезегинде эч ким жоопкерчилик албайт. Башкача айтканда, буга чейин бир дагы президент эл алдында дагы, мыйзам алдында дагы өлкө үчүн толук жоопкерчилик алган жок. Анын үстүнө биз буга чейин импинчмент куралын колдоно алган жокпуз, анын ордуна революция болуп атты. Туруктуу башаламандык жана саясий күрөштүн жыйынтыгында биз класстарды жогото баштадык. Башкача айтканда, коомду консолидациялоонун ордуна тескерисинче саясий өзгөрүүлөргө дуушар болдук”, - деди ал.

Темирбек Асанбаев жаңы Конституция бир адамга толук бийликти жана барынан мурда “жоопкерчиликти” берет, мындан ары өлкөдөгү болуп жаткандардын барына бир адам жооп берет. “Буга чейин бир адам бардык жоопкерчиликти, анын ичинде аткаруу бийлиги үчүн дагы жоопкерчиликти алган учур болгон эмес. Азыр бийликке жаңы Конституция менен иштөөгө убакыт бериш керек. Кадр маселесин чечүү олутту болуп турат. Ошондой эле, кыргызстандын тышкы саясатта дагы бир топ милдеттери бар. Ушуга байланыштуу азыр бир гана иштөө зарыл”,-деди Асанбаев.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий