• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тендер чыры боюнча суракка чакырылган журналист УКМКдан сегиз сааттан кийин кое берилди

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. КЛООПтун журналисти Анна Капушенко 1-апрель күнү саат 9:30да адвокаты менен кошо Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирген. Ошол боюнча журналист кечке жуук, саат 19дар чамасында коё берилди.

КЛООПтун башкы редактору Элдияр Арыкбаев журналисттин узак кармалышы УКМКда сурактын кеч башталышы менен байланыштуу болгонун билдирди:

- Мендеги маалымат боюнча, ага эч кандай күнөө коюлбаптыр, күбө катары чакырылган. Биз аны менен жолугуп, ал эмнени айта алса ошону сүйлөшүп, анан гана маалымат бере алабыз. Анткени ал суракта болгон сөздү ачыкка чыгарбоо боюнча макулдашууга кол коюптур. Сурак кечирээк башталыптыр, ортодо тыныгууларды эске алганда узакка созулуп кетти.

Арыкбаевдин маалыматы боюнча, Анна Капушенко суракка тендер чырларын иликтеген комиссиянын мүчөсү катары чакырылган. Бул анын КЛООПтун редакторлугуна тиешеси жок.

1-апрель күнү таңында Анна Капушенконун батиринде УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзүшкөн. Медианын маалыматы боюнча, тинтүү адвокаттын катышуусуз өткөрүлгөн. Тинтүү учурунда коопсуздук кызматкерлери журналисттин ноутбугу менен телефонун алып коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий