• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Теңиз Бөлтүрүк Centerra Gold Incтин директорлор кеңешинин мүчөсүнөн кетти

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Теңиз Бөлтүрүк Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кетти. Бул тууралуу ал “Кумтөр” кени боюнча мамлекеттик комиссиясынын отчету каралып жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, директорлор кеңешинин мүчөсү катары компаниянын жетекчилигине кендин ишинин коркунучтуулугу тууралуу бир нече жолу айткан. Бирок Бөлтүрүк белгилегендей, аны эч ким уккан эмес.

“Менин юридикалык чектөөлөрүмө ылайык, андан ашык айта алган эмесмин, бирок өзгөрүү болгон жок. Эскерте кетүүчү жагдай Кыргызстанда директорлор кеңешинин үч гана мүчөсү бар. Мен бүгүн эртең менен Centerra Gold Inc компаниясына акыркы окуяларга байланыштуу директорлор кеңешинин курамынан чыгуу боюнча билдирүү жөнөттүм", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий