• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Теплые ключи" санаториясынын ордуна туристтик аймак түзүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. "Теплые ключи" санаториясынын ордуна туристтик аймак түзүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында "Кыргызтуризм" мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков билдирди.

Анын айтымында, "Кыргызтуризм" ишканасын ачууда кээ бир каталар аныкталган. Ал кемчиликтер жоюлгандан кийин алгачкы каржылоону 2019-жылдын 1-августунда алышкан.

"Бүгүн "Теплые ключи" санаториясын бизге өткөрүп берүү боюнча буйрук чыгышы керек", - дейт Казаков.

Казаков санаториянын сүрөттөрүн көрсөтүп, анда көрүнгөндөй имарат оңдоп-түзөөгө муктаж - эскирген дубалдар, полду көк басып, суу түтүктөрүн жаңыртуу керек.

Казаков, ал жерде кандай шарттарды түзүү каралып жатканын айтып берди.

"Биз, бир гана жылуу бассейндердиэмес, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн калыбына келтирүүчү борборду түзүү, төрт жылдыздуу мейманкана, спортчулар, пенсионерлер үчүн спорт аянтчаларын курууну жана санаториянын аймагында үстү жабык аквапарк, коноктор жана кызматкерлер үчүн үй, СПА-салон курууну пландап жатабыз", - деди ал.

Аны менен бирге Казаков, "Ала-Арча" жаратылыш паркын дагы жакшыртуу пландалып жатканын белгиледи.

"Паркта унаа токтоочу жай, балдар үчүн аянтча, кафе, отургучтар, жөө басканга жол жана башкаларды шарттады түзүүнү пландап жатабыз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий