• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Терчилдиктен арылуу кеңештери

Дүр дүйнө 0

Аптаптуу күндөрү адамдын денеси тердеп, жагымсыз жыттар пайда болот. Алсак, колтук, бут өзгөчө тердеп, ыңгайсыздыктарды жаратат. Анын үстүнө жеген тамак-ашыбыздын жыты да тер менен сыртка чыгат.

Туура тамактануу жагымсыз жыттан оолак кылат

Жагымсыз жыттан арылуу үчүн жей турган азык-түлүктү да тандоого туура келет. Мисалы куурулган тамактар, эт, ачуу ичимдиктер, сарымсак, пияз жана калемпир, ошондой эле татымалдар жагымсыз жыттын күчөшүнө алып келет. Денедеги жытты калыбына келтирүүгө төмөнкү азыктар сунушталат: жашылча жемиштер, көк чөптөр, кара чай жардам берет.

Колтук тердегенде

Терчилдиктен арылуу үчүн салкын сууга жуунуп туруу керек. Колтук тердегенде антибактериалдык самын же гель менен тазалаңыз. Ошондой эле, кийимге да көңүл буруу абзел. Жүндөн, пахтадан жасалган кийимдерди алып, синтетикалык кийимдерди кийүүдөн качыңыз. Ошондой эле, жайкы кийимдер кенен болушу шарт. Азыркы учурда колтук жытынан арылуунун үй шартындагы ыкмалары көп. Алсак, картошканы жука тилимдерге кесип, колтукту аны менен сүртүп же колтукка кыпчып бир аз туруу керек. Андан кийин өзү кургашын күтүү зарыл. Мындай ыкмадан кийин күн бою колтуктан жагымсыз жыт келбейт.

Терчилдиктен ромашканын жардамы менен арылууга болот. Ал үчүн 6 чоң кашык кургатылган ромашканын үстүнө 2 литр бөлмө температурасындагы кайнатылган сууну куюп 1 саат демдеп коюу керек. Андан сон 2 чоң кашык сода кошуп жакшылап аралаштыруу зарыл. Бул аралашма менен күнүнө бир нече жолу колтукту сүртүп турууга болот.

Мындан тышкары, терден туздун жардамы менен арылса болот. Ал үчүн 2 чоң кашык тузду 1 стакан сууга ээритип алуу зарыл. Мындай көп туз колтуктун ансыз да назик терисин сезгентип жиберет. Ошондуктан туздун аралашмасына марляны чылап, аны колтукка 10 мүнөт коюу керек. Андан кийин суу менен жууп салуу зарыл. Жети күн жасалуучу бул процедураны жатар алдында жасаган туура.

Кайындын жалбырагын жыйнап, аны эки аш кашык өлчөмүндө жарым литр кайнак сууга салып, беш мүнөткө кайнатып аласыз. Тердеген жерди күнүнө бир нече жолу сүртүп турасыз.

Бирдей өлчөмдөгү ашкана содасы менен лимон ширесин аралаштырып, аны таза, кургак колтукка сүртүү жагымсыз жытты кетирет.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий