• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тергөөдө же сотто фактылар чыкса Атамбаевге кылмыш иши ачылышы мүмкүн – Сагынбаев

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Кыргызстандагы жогорку кызматтарды ээлеген адамдарга козголгон кылмыш иштеринин алкагында Атамбаевдин катыштыгы боюнча маалымат же көрсөтмөлөр болсо, анда ал жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, тергөөнүн же сот отурумдарынын жүрүшүндө айрым адамдардын кылмыш ишине катыштыгы бар экени тууралуу көрсөтмөлөр чыгып калышы ыктымал.

Сагынбаев белгилегендей, мындай фактылар болсо Атамбаевге карата кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Бирок ал Жогорку Кеңештин экс-президенттердин кол тийбестигин алуу чечимин кабыл алгандан кийин ишке ашат.

Пикир

Оставить комментарий