• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тери рагы. Апельсиндин коркунучтары айтылды

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Апельсинди өтө эле көп жеген адамдарда тери рагы пайда болушу ыктымал. Бул тууралуу АКШнын Индиана университетинин изилдөөсүнө таянып РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Окумуштуулар күнүнө апельсиндин экиден ашык порциясын жеген адамдардын тери рагына чалдыгуу тобокелдиги 63 пайызга жогорулашын айтат.

Ал жемиште фотосенсибилдештирүүчү жана фотокарциногендик касиетке ээ псорален заты бар экендиги менен түшүндүрүлөт.

Онкологиялык ооруга чалдыгуу тобокелдиги ак жумал адамдарда жогору болору айтылат.

Пикир

Оставить комментарий