• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Терроризм үчүн соттолгон адамдардын саны өскөн – Жаза аткаруу кызматы

Коом 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Терроризм үчүн соттолгон адамдардын саны өскөн. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жакында Жаза аткаруу кызматынын бейтапканасы ачылат. Андан тышкары №47 түзөтүү колониясын, Бишкек жана Жалал-Абаддагы тергөө абактарды шаарлардын чет-жакаларына көчүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Баардык мекемелеринде видеокамера орнотуу жана байкоо жүргүзүү Борборун куруу иштери аяктоодо.

Ошондой эле Жаза аткаруу кызматынын мекемелериндеги өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүнө инвестицияларды тартуу боюнча чоң жумуш аткарылууда. Ошондой эле жакын арада бут кийим тигүүчү, ширетүүчү жана мал союучу цехтерди, тегирмен ачуу пландалууда. Мал жандыктын санын көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө.

Камактагылардын ичинен ишке орнотулган адамдардын саны 1 миң 750дөн ашат.

“Ошол эле учурда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондордун санынын өсүшү ойлондурат. 2012-жылы ал категория боюнча соттолгондор 100 адам болсо, 2019-жылы алардын саны 554кө жеткен. Көп учурда алар 20-30 жаштагы жаш жигиттер”, - дейт мекеменин башчысы Мелис Турганбаев.

Жаза аткаруу кызматында аталган беренелер боюнча соттолгон адамдар менен иш жүргүзүү үчүн алгач ирет теолог кызмат орду ачылган. 2019-жылы ал иштердин жыйынтыгы менен 11 адам террористтик-экстремисттик уюмдардагы мүчөлүктөн баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий