• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тез тамактануучу жайдан чыккан өрт: 8 адам жаракат алган – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 08.11.19. /Кабар/. Бишкектин Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги тез тамактануучу жайдан чыккан өрттүн айынан, алдын ала маалымат боюнча 8 адам ар түрдүү жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Учурда жаракат алгандар тууралуу маалымат такталууда.

Өрт саат 14:08де чектөөгө алынып, өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий