• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тез тамактануучу жайдан чыккан өрт: Өрт өчүрүлүп, анын келип чыгуу себептери такталууда

Кырсык 0

Бишкек, 08.11.19. /Кабар/. Бишкектин Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги тез тамактануучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлүп, учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, өрт саат 15:21де толук өчүрүлгөн. Болжол менен 100 чарчы метр аянт күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1 киши – тез тамактануу жайынын кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын арасында жети бала бар.

Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий