• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тез татым жайындагы өрт: Каза тапкан кызматкер кыз 21 жашта болгон

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Бишкектин Чүй жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги "Антошка" тез татым жайындагы өрттөн улам каза болгон кызматкер кыздын өздүгү такталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, ал 21 жаштагы С.А., аттуу кыз болгон.

Өрт болгон "Антошка" тез татым жайынын ижарачысы 56 жаштагы К.А. 8-ноябрь күнү Кылмыш жаза кодексинин 261-беренеси ("Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча ачылган сотко чейинки иштин алкагында кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бирок, ишемби, 9-ноябрь күнү Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгарган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында иликтөө иштери жүрүп, соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий