• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тез жүрүүчү Ташкент-Алматы поездинин билетинин баасы арзандайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. «Өзбекстан темир жолдору» менен «Казакстан темир жолу» ишканасы «Ташкент – Алматы – Ташкент» каттамындагы тез жүрүүчү «Тулпар – Тальго» поездинин билетинин баасын төмөндөтүүгө макулдашты.

Өзбекстандык басылмалардын кабарлашынча, 1-августтан тарта 5 сутка алдын ала сатылып алынган билеттердин баасы 25% чейин арзандайт.

Эл аралык «Тулпар – Тальго» жүргүнчү поезди 2017-жылдын март айынан тарта иштей баштаган. Ал биринчи жолу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Казакстанга мамлекеттик сапар менен келер алдында Алматы-2 автобекетинен Өзбекстанды карай сапар алган.

Пикир

Оставить комментарий