• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек: Тез жардам кызматы 29-декабрдан 7-январга чейин күнү-түнү күзөттө болот

Коом 0

Бишкек, 26.12.18. /Кабар/. Бишкек шаардын тез жардам кызматы 29-декабрдан 7-январга чейин күчөтүлгөн режимде иш алып барат. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тез жардам кызматы керектүү дары-дармектерди даярдап, дарыгерлердин күзөт жүргүзүү графиги түзүлгөн. Жаңы жылдык майрам күндөрү 38 медициналык топ иш алып барат.

2018-жылдын 11 айдын ичинде тез жардам көрсөтүү Борборунда 143 миң 470 чакырык түшүп, кызмат көрсөтүлгөн. Анын ичинен кечигип келүү – 46 миң 946 же 32%. Былтыр бул көрсөткүч 25,5%ды түзгөн.

Тез жардам кызматынын муктаждыгы 100 унааны түзөт, ал эми учурда Борбордо 58 гана унаа бар. Анын ичинен ишке жарамдуусу 33 унаа. Ошондо бир унаа 10 миңге жакын адамды тейлөөгө муктаж. Учурда 38 бригада иш алып барат, ал эми муктаждык 113 бригаданы түзөт. Бир бригадага эле 12,4 чакырыкты тейлөөгө муктаж.

Кызматкерлерди сактап калуу максатында борбордук мэрия шаардык бюджеттен кошумча айлык төлөп берет: негизги дарыгерлерге 4 миң сом жана фельдшерлерге 2,5 миң сом. Тез жардам кызматкерлеринин айлык акысынын орточо көлөмү 12-14 миң сом.

“Жарандардын көпчүлүгү тез жардам кызматкерлерин жактыра беришпейт. Биз ага карабастан өзүбүздүн жумушубузду аткарып келебиз. Жаңы автоматташтырылган башкаруу системасы ишке киргенче биз өз жумушубузду уланта беребиз”, - дейт Борбордун дарыгери Искендер Шаяхметов.

Пикир

Оставить комментарий