• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тез жардам кызматынын базасы "Коопсуз шаардан" түшкөн акчанын эсебинен жакшыртылат

Коом 0

Бишкек. 15.4.19 /Кабар/. Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасы «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында түшүп жаткан айыппулдардын эсебинен жакшыртылат.

Тийиштүү чечим өкмөттүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө» жыйынынын соңунда кабыл алынган.

Финансы министрлигине Саламаттык сактоо министрлиги, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы аппараттык-программалык комплекстерди пайдалануу аркылуу белгиленген Жол кыймылы эрежесин бузуулар үчүн алынган айыппулдун суммасынан медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын камсыздоо үчүн финансы каражаттарын бөлүү маселесин карап чыгуусу тапшырылган.

Тийиштүү мамлекеттик органдар эки жумалык мөөнөттө аталган маселе боюнча өз сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүүсү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий