• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тез жардам кызматынын мамлекеттик балдар ооруканасы кеңейтилет

Президент 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. «Бишкек шаарынын медициналык тез жардам кызматынын мамлекеттик балдар ооруканасынын реконструкциялоо жана кеңейтүү» долбоору боюнча Сауд арабиялык өнүктүрүү фонду менен Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2017-жылдын 17-майында Жидда шаарында кол коюлган «Бишкек шаарынын медициналык тез жардам кызматынын мамлекеттик балдар ооруканасынын реконструкциялоо жана кеңейтүү» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд арабиялык өнүктүрүү фонду ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Долбоордун максаты - Бишкек шаарынын медициналык тез жардам кызматынынын мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү. Балдар ооруканасы сутканын кайсы мезгилинде болбосун шаардын гана эмес, ошону менен катар жакынкы райондорду сапаттуу, медициналык тез жардам менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий