• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тез жардам унааларын сатып алууга бюджеттин эсебинен 169,3 млн сом бөлүндү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Кабыл алынган чечимге ылайык КР Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 169 347 500 (бир жүз алтымыш тогуз миллион үч жүз кырк жети миң беш жүз) сом акча каражатын бөлүп берсин;

Бул бюджеттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бөлүнгөн.

Мындай чечим КР Бюджеттик кодексинин 106, 115-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий