• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тез жардам унаасынын катышуусундагы жол кырсыгында аял жана 3 жаштагы кыз каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Бишкек – Торугарт жолунун 90-чакырымындагы жол-транспорт кырсыгында 2 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (КККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тез жардам Кемин тарапка бара жатып «Тойота-Эстима» унаасы менен кагышып, андан кийин ал «Хонда-Инспайер» жана «Ауди 100» унаасын сүзүп токтогон.

Аталган кырсыктан «Хонда-Инспайер» унаасында бара жаткан 37 жаштагы аял жана 3 жаштагы кыз каза болду.

Аталган факт Кемин районунун ИИОнун кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий