• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

The Guardian: Кыргызстан 2019-жылы саякат үчүн мыкты өлкөлөрдүн катарына кирди

Коом 0

Бишкек, 07.01.19 /Кабар/. Британиялык The Guardian гезити Кыргызстанды саякаттоого ыңгайлуу деген 40 өлкөнүн катарына кошту. Басылма бул рейтингдин тизмесин 5-январда жазып чыккан.

Гезит Кыргызстандын жаратылышы кооз экенин белгилеген. Акыркы кезде батыш басылмаларында Кыргызстан тууралуу макалалар көп жарыяланып жатат.

2019-жылы кайсы жака саякаттап барсак деп ойлонуп жатсаңыз, сиздер үчүң The Guardian гезити – the hotlist – сунуштайт.

Бул тизменин ичинде Кыргызстан дагы көрсөтүлгөн.

Кыргызстан тууралуу сүрөттөмөдө: Тоолуу, деңизге чыкпаган Борбор Азияда жайкашкан өлкө. Республикада адамдын колу тийбеген табигый жаратылыш аймактар көп.

Ошондой эле, чет элдик туристтер бүркүт менен аңчылык кылуу салты менен кенен тааныша алышат. Ушундай жана башка кызыктуу салттарды Ысык-Көлдө көрсө болот.

Мындан тышкары, туристтер жана алпинистер үчүн Кыргызстанда кызыктуу бийик чокулар орун алган.

The Guardian гезитинин тизмесине Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан дагы кирген.

Эске салсак, акыркы жылдары британиялык The Independent, Financial Times, Business Insider порталы, Forbes жана Daily Telegraph басылмалары Кыргызстанды туристтер үчүн ыңгайлуу жана кызыктуу өлкөлөрдүн катарына кошуп келет.

Пикир

Оставить комментарий