• 80.26
  • 79.23
  • 1.36

«The Independent» британ басылмасы Садыр Жапаровдун эксклюзивдүү маегин жарыялады

2270 кароо Президент 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. «The Independent» британ басылмасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун климаттын өзгөрүүсүнүн тоолуу өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга таасири жөнүндө, экология маселелери, климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирлеринин кесепеттери менен күрөшүүдө комплекстүү чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгү жөнүндө эксклюзивдүү маеги жарыяланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Интервьюнун тексти (эркин котормо):

“Оливер Пул. Бишкек.

Борбор Азиядагы тоолуу мамлекеттердин биринин башчысы дүйнө жүзүн глобалдык жылуулануунун кесепетинен жапа чеккен жана миң жылдык мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн натыйжасында айлана-чөйрөсү жана жашоо-тиричилиги зыян тарткан мамлекеттерди көңүл сыртында калтырбоого чакырды.

Борбор Азия өлкөсү болуп саналган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “The Independent” гезитине берген эксклюзивдүү маегинде өткөн жылдын январь айында өлкө башчылыгына шайлангандан тарта климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу мамлекеттердин элдерине тийгизген катуу таасири көп учурларда көз жаздымда калып жатканын айтты.

"Дүйнө жүзү кесепеттери тийип калышы мүмкүн болгон климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө дуушар болууда, - дейт ал. Бул өзгөчө тоолуу өлкөлөргө тиешелүү, анткени бул көйгөйлөр тоолуу аймактар үчүн кыйла динамикалуу жана спецификалык мүнөзгө ээ: мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн.

Мына ошондуктан эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшүнөн улам катуу жапа чеккен өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурушу зарыл жана климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүдө «климаттык адилеттүүлүк» концепциясынын маанилүүлүгүн эске алуусу кажет.

Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы жыйырма жылдын ичинде биз суу ресурстарынын акырындык менен азайышына алып келген кылым карыткан мөңгүлөрдүн кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз”.

Жапаров Глазгодогу COP-26 иш-чарасында ынанымдуу баяндама жасагандан бери глобалдык жылуулануу боюнча талкуунун алдыңкы фигурасына айланды. Ал өз сөзүндө дүйнө жүзүн климаттын өзгөрүүсүнөн улам эң чоң коркунучка, жайыктагы өлкөлөр эле эмес, Кыргызстан өңдүү бийик тоолуу бир топ мамлекеттер да дуушар болуп жатканын моюнга алууга үндөдү.

Ошондон бери ал жакында эле (өткөн айда) Бириккен Улуттар Уюмуна тоолуу өлкөлөрдүн уникалдуу экосистемаларын коргоо аракетинде биргелешип иштөө боюнча беш жылдык планын сунуштоо менен көмүртектин калдыктарын кыскартууну талап кылган мамлекеттер үчүн негизги маанилүү фигура болуп калды.

Өлкөнүн борбор калаасы Бишкек шаарындагы президенттик иш бөлмөсүндө болгон баарлашууда Жапаров тоолуу аймакта чоңоюп, ал жактагы айлана-чөйрөнүн кандай өзгөрүп жатканын өз көзү менен көргөндүктөн, бул көйгөйдү коомчулукка жеткирүүгө анын чечкиндүүлүгү өзгөчө актуалдуу болгонун түшүндүрүп берди.

«Мен туулуп-өскөн айылыма бат-баттан барып турам, - дейт ал, - көз ачып-жумганча мөңгүлөр четинен жоголуп баратканын байкайм. Тоолорубуздагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине күбө болгондуктан, мындай маанилүү маселени Глазгодо көтөрүүгө туура келди.

Адамдар бул тууралуу климаттын өзгөрүшүнүн башка мамлекеттерге тийгизген таасири катары айтышпайт, анткени алар Кыргызстан сыяктуу өлкө жана ал жердеги көйгөйлөр тууралуу билишпейт. Эгер бул Улуу Британия же АКШ сыяктуу чоң мамлекет болгондо жана бул өлкөлөрдө ушундай көйгөйлөр болсо, анда баары башкача болмок. Эл аралык коомчулук бизди байкабай калууда, бирок байкашы керек эле».

Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон Кыргызстан Кытай менен чектешет. 1991-жылы СССР кулагандан кийин эгемендүүлүккө ээ болгон. Чыңгызханга чейин жана анын доорунда Сибирь менен Алтайдан келген кыргыз уруулары жашаган аймак Россия, андан кийин Советтер Союзуна өткөнгө чейин ар кандай аймактык державалардын карамагында болгон. Бул жерде 158 тоо кыркасы бар. Кыргызстандын алты миллион калкынын көбү – түрк тилдүү мусулмандар.

Жапаров 2021-жылдагы президенттик шайлоодо ишенимдүү түрдө жеңишке жеткен. Референдум аркылуу Конституцияга түзөтүүлөр киргизилгенден кийин кеңири, жаңы ыйгарым укуктарга ээ болгон. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун тушунда жети жыл бозгунда жүргөн. Президенттик кызматын аткарууда коррупцияга каршы күрөштү башкы приоритет кылууга убада берген.

Бириккен Улуттар Уюму тоо экосистемасы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине өзгөчө сезгич келерин, мындай кесепеттерден башка жайык жерлердеги жашоо чөйрөсүнө караганда тезирээк жапа чегерин эскерткен. Жер шарынын калкынын 40 пайызы тоо ресурстарынан: ичүүчү суудан, айыл чарбасынан, биологиялык ар түрдүүлүктөн жана гидроэлектроэнергиядан кыйыр түрдө көз каранды. Алар глобалдык жылып кетүүдөн улам жоголуп кетиши мүмкүн.

Ошондой эле климаттын өзгөрүшү табигый кырсыктардын ыктымалдыгын жогорулатат, мындан улам кар көчкү, жер көчкү сыяктуу экстремалдык көрүнүштөр байма-бай кайталанып калышы мүмкүн. Тоолор – көптөгөн эндемикалык түрлөрдү камтыган бай биологиялык ар түрдүүлүктүн мекени. Кыргызстандын ландшафты сейрек кездешүүчү ак илбирстин жашоо чөйрөсү катары да өзгөчө мааниге ээ.

Жапаров айтымында, өлкө көмүртектин калдыктарына каршы күрөшүүдө өз алдынча кадамдарды жасап жатат. Ал шайлангандан бери «Жашыл Мурас» аттуу жаңы демилге жыл сайын өлкөдө алты миллион жаңы бак-дарак отургузууну көздөөдө. Ошентип, Кыргызстан акырындап көмүртек чыгарган энергиядан кайра жаралуучу энергия булактарына, атап айтканда, гидроэнергетикага өтүп жатат.

"Биз климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы туруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз, көзөмөлүбүздө",- деди ал. - Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөрдүн эрип, дарыялардын кургап кетүүсүнөн сактап калуу максатында 2022-жылды “Тоо экосистемасын коргоо жана климаттын туруктуулугун камсыздоо жылы» деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койдум.

Суу ресурстарынын таңкыстыгын эске алуу менен айыл чарбасына жана эл чарбасынын башка тармактарына сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле калктын ичүүчү таза сууга жетимдүүлүгүн арттырып, каржылык стимул көрсөтүү жана эл арасына маалыматты көбүрөөк жеткирүү аркылуу сууну күнүмдүк турмушта сарамжалдуу пайдалануу аракеттерин көбөйтүп жатабыз».

Бирок Жапаров мырза эгер эл аралык коомчулук Кыргыз Республикасы сыяктуу өлкөлөрдө глобалдык жылып кетүүнүн айынан келип чыккан конкреттүү көйгөйлөрдү тааныбаса жана колдобосо, жогорудагы иш-аракеттер жетишсиз болорун эскертти.

«Кыргызстан эл аралык коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан кесепеттерди жумшартуу жана аларга ыңгайлашуу боюнча биздин күч-аракетибизге тирек боло турган бардык шартсыз жардамдарын кубаттайт», - дейт ал.

«Бала кезимде атам менен тоого көп барчумун. Ал токойчу болчу, анын иши – чөп чабуу эле. Эсимде, атамды ээрчип жүргөн ошондой балалык күндөрдүн биринде ал капысынан: “Балам, токточу, карачы”,- деп калды. Анын дүрбүсү боло турган. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу ак илбирсти көргөм.

Биз Кыргызстанда ошол мен көргөндөгүдөй илбирстерди коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз, бирок эл аралык коомчулук чара көрбөсө, менин неберелерим бала кезимде атам менен көргөндү эч качан көрбөй калабы деп корком”.

Пикир

Оставить комментарий