• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

The New York Times гезитине Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу чоң макала чыкты

Коом 0

Бишкек, 17.09.18 /Кабар/. “Нью Йорк Таймс” гезити сентябрдын башында Ысык-Көлдө өткөн Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу макала жарыялады. Оюндарды чагылдыруу үчүн дүйнөдөгү эң ири басылма өзүнүн атайын кабарчысы Нейл Мак Фаркухарды Кыргызстанга жиберген. Ал иш-чара тууралуу өзүнүн ой-толгоолорун “Horseback Wrestling Bone Tossing Dead Goat Polo Let the Nomad Games" аттуу темадагы макалага жазган. Кыргызчага “Башы жок эчки менен поло ойноо. Көчмөндөр оюндары башталсын” деп которулат.

Макала “Көчмөндөр оюндарында поло оюнунун каардуу версиясына катышкан америкалык команда аталган спорттун түрү жакында Олимпиада оюндарынын катарына кирет деп күтпөйт. Эмнеге?

“Биз улактын этин колдонобуз”, - деди команданын капитаны А.Циммерман.

Башы жок улак менен ойнолгон көк бөрү оюну Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык спорттук жарышта эң башкы көзгө урунарлык нерсе болду”.

Андан кийин ал оюндардагы башка спорттун түрлөрүн сүрөттөгөн: “Калган негизги учурлар сөөктөрдү ыргытуу (чүкө ойноо, ордо), бүркүттөр менен аңчылык, күрөштүн 17 түрү, анын ичинде атчандардын жылаңач дене менен күрөшүүсү, бул спортто көрүүчүлөр алсыз катышуучунун жерге кулап түшүшүн күтүп турат”.

Оюндардын ар бир сүрөттөлүшү сапаттуу, кызыктуу сүрөттөр менен коштолгон. Ошондой эле автор жаратылыштын кооздугун жазып, жергиликтүү калкты, конокторду жана катышуучуларды сүрөттөгөн.

Макала: “Ааламдаштырылган дүйнөдө адамдар өздөрүн башкалардан айырмалап турган маданиятын унутушат”, - деди кесиби эсепчи болгон Субанов аттуу жаран. “Ар кандай улуттары, маданияттары бар дүйнөдө жашоо кызык. Бүткүл дүйнө жүзү Нью-Йорк болуп калса, жаман болмок”, - деген сөздөр менен жыйынтыкталат.

Макала дагы бир кабарчы Иван Нечепуренконун катышуусунда даярдалган.

Макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окусаңыз болот: http://kabar.kg/eng/news/horseback-wrestling-bone-tossing-dead-goat-polo-let-the-nomad-games-begin/

Пикир

Оставить комментарий