• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

The Sunday Times: министрлер Тереза Мэйдин кызматтан кетишин талап кылат

Дүйнө 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. 25-мартта британ өкмөтүнүн кеминде 11 министри премьер-министр Тереза Мэйдин «өз каалоосу менен» кызматтан кетишин талап кылат. Бул тууралуу The Sunday Times гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, министрлер Мэйди ЕБдин курамынан чыгуу тууралуу макулдашууну жактырууга парламентти көндүрө алган жок деп айыптап жатышат. Мындан тышкары алар премьер-министрдин өткөн жумада айткан бир катар пикирлерине карата нааразылыктарын билдиришүүдө.

Ал ортодо Мэйдин ордуна өкмөт башына учурда министрлер кабинетинин катчылыгын жетектеген Дэвид Лидингтондун келүү ыктымалдыгы жогору болуп жатканы айтылууда. Мындан тышкары премьер-министрликке башка көрүнүктүү консерваторлор, анын ичинде өлкөнүн тышкы иштер министри Жереми Хант менен Айлана чөйрөнү коргоо министри Майкл Гоувдун талапкер болууга мүмкүндүктөрү бар экени кабарланууда.

Күн мурун Лондондо Брекзитке каршы болгон жүз миңдеген киши кайрадан Британиянын ЕБден чыгуусу тууралуу референдум өткөрүүнү талап кылып жүрүшкө чыгышкан.

Евробиримдик өткөн жумада Брекзиттин мөөнөтүн 29-марттан 12-апрелге чейин узартууга макул болгон. Бирок ага чейин британ парламенти ЕБден чыгуу тууралуу эки жолу тең четке кагылган макулдашууну жактырса, анда Брекзит 22-майга жылат. А эгер 12-апрелге чейин Британия өз аймагында Европарламентке боло турган шайлоону өткөрүүгө макул болсо, анда Брекзиттин мөөнөтү жылдын аягына чейин узартылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий