• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тигүүчүлөргө жеңилдетилген ипотека бериле баштайт

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Кыргызстандагы тигүүчүлүк тармагынын эң негизги көйгөйү болуп кадр жетишсиздиги эсептелет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Легпром" ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов билдирди.

Асанов бул тармактын потенциалдуу жумушчулары үчүн иштөөгө түрткү жок экенин белгиледи

"Бизде тигүүчүлүк тармагынын жумушчуларынын жаш-курагы 35-40 жаштан өйдө. Жаштар бизге келбейт. Көптөр турак-жайга акча табуу үчүн чет өлкөлөргө кетишет. Ушундан улам биз мамлекетке тигүүчүлөр үчүн жеңилдетилген ипотеканы берүүнү сунуштап жатабыз", - деди ал.

Абакиров бүгүнкү күнгө карата тигүүчүлөр үчүн жеңилдетилген ипотеканы берүүнү караган мыйзам долбоору иштелип чыкканын белгиледи.

"Биз ипотеканы берүү системасы 2019-жылдан башталат деп пландап жатабыз. Мамлекеттик ипотекалык компанияга "Жеткиликтүү ипотека" деп аталган курал киргизилет. Бул жерде жумушчу үчүн депозиттик эсеп ачылат. Анда үч жыл бою акча чогулат. Андан соң чогултулган сумма биринчи төгүм үчүн жетиштүү болгондо ипотека берилет. Жеңилдетилген ипотека 10-15 жылга берилет. Депозит боюнча пайыздар болжол менен 3төн 5 пайызга чейин, мөөнөтүнө байланыштуу насыя боюнча 10дон 14 пайызга чейин болот", - деп кошумчалады ал.

Салыктык салуулар боюнча Абакировдун айтымында, жетиштүү жакшы шарттар түзүлөт.

"Биз патент беребиз. Эгерде 10 унаа болсо, патент 2000 сом турат. Кийинки 10 унаага 1000 сом болот. Жумушчулар үчүн социалдык пакет 1000 сом турат", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий