• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИКА Кыргызстандагы мектептерге жардам берүүгө кызыкдарлыгын билдирди

Билим 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы координатору Али Муслу жана агенттиктин долбоорунун адиси Санжар Алтымышов менен жолукту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө караганда, жолугушууда тараптар кызматташууну жакшыртуу жана 2020-жылга карай жумуш планын иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Каныбек Исаков эки өлкөнүн мугалимдери үчүн тажрыйба алмашуу программасын уюштурууну жана кесиптик билим берүү уюмдарынын техникалык базасын жаңылоо боюнча иш алып барууну сунуштады.

Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин өкүлдөрү берилген сунуштар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди. Агенттик Кыргызстандагы муктаждыгы бар мектептерди мөмө берүүчү жана жөнөкөй бак дарактар менен жашылдандырууга көмөктөшөөрүн кошумчалады.

Мындан сырткары капиталдык ремонтко муктаж мектептерге да жардам берүүгө кызыкдар экенин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий