• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ТИКА Кыргызстандын аймактарындагы бейтапканаларды техникалык жактан камсыз кылууга даяр

Саясат 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Жеңгиз Фыратты кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар министр Казакбаевдин 2020-жылдын 9-11-ноябрында Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын жыйынтыктарын талкуулашты.

Министр белгилегендей, иш сапар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы көптөгөн маселелер боюнча күн тартипти жаңылап, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк бергенин белгиледи.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Фырат түрк тараптын терең кызыгуусун тастыктап, саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө жигердүү кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү керектигин билдирди.

Кыргыз Республикасынын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн Түркия Республикасынын чечкиндүүлүгүн белгиледи.

COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Ушундан улам, кыргыз тарап эпидемиянын кесепеттерин жоюуга жардам бергендиги үчүн түрк тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Түркия тарап саламаттыкты сактоо жаатында Кыргызстан менен кызматташууну улантаарын жана боордош кыргыз элине COVID-19 пандемиясына каршы керектүү жардамын берүүгө даяр экендигин ырастады.

Тактап айтканда, Фырат Түркиянын координация жана кызматташуу агентствосу (ТИКА) Кыргыз Республикасынын аймактарында бейтапканалардын ачылышы, оңдолушу жана техникалык камсыз кылынуусу боюнча долбоорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, Ж.Фырат Түркия Республикасынын саламаттыкты сактоо министри коронавирус инфекциясынын пандемиясы аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына Бишкек мамлекеттик ооруканасынын расмий ачылыш аземин өткөрүүгө саламаттыкты сактоо жаатындагы түрк ишкерлердин тобу менен чогуу келээрин маалымдады. Түрк ишкерлери болсо Ыссык-Көл бизнес форумуна дагы катышаары айтылды.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, эки өлкөнүн кызыкчылыктарына шайкеш келген долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий