• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИКАнын жардамы менен Ат-Башыдагы үй-бүлөлүк медицина борбору капиталдык оңдоодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен кабарлашкандай, медицина борборунун ачылышына ЖК депутаты Алмазбек Баатырбеков жана Жылдыз Мусабекова, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат, ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координатору Али Муслу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Эркин Чечейбаев жана башкалар катышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары көрсөтүлгөн жардам үчүн Түркиянын өкмөтүнө жана ТИКАга ыраазычылык билдирди.

"Түрк кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу үчүн жыл сайын долбоорлорду ишке ашырууда. Аталган кызматташтык Саламаттыкты сактоо тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга бекитилген. Сиздердин жардамыңыздар менен республика аймагындагы оорукананын көпчүлүгү оңдолуп, Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын курулушу аяктаган. Биз ушундай жемиштүү кызматташтыкты дагы да улантабыз деп ишенем", - деди Чечейбаев.

Пикир

Оставить комментарий