• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тил жана адабият институту Кореядагы азиялык маданий борборунун өкүлдөрүн кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев Квантжу шаарындагы (Корея) Азиялык маданий борбордун өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушуунун негизги максаты - келерки жылы Кореяда өтө турган Азия маданиятын жана маданий мурастарынын көргөзмөсүнө катышууга чакыруу жана катышуу жолдору жөнүндө сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Аталган маданий борбордун архив бөлүмүнүн жетекчиси Йео Жинвон (Yeo Jinvon) көргөзмө тууралуу айтып жатып: “Сиздерди бул иш-чарага чакырууга абдан кызыкдарбыз. Анда “Манас” эпосу тууралуу кошумча иш-чараларды уюштуруу менен бирге КРда тартылган “Саякбай” кино тасмасын дагы көргөзүү ниетибиз бар”, - деди.

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар бөлүмүнүн жетекчиси Асел Исаева алдыдагы көргөзмө Азия дүйнөсүнө кыргыз элинин байыркы тарыхын, “Манас” эпосунда камтылган поэтикалык баалуулуктарын таанытууга жол ачарын белгилеп: “Көргөзмөгө Кол жазмалар бөлүмүндөгү улуу эпостун санариптештирилген вариантын катыштырууну пландап жатабыз. Анда катышуучулар эпостун кайсы арип менен, кандай жолдор менен жазылып алгандыгын көрө алышат”, - деди.

Аталган борбордун өкүлдөрү Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун “Китеп көргөзмөсү” жана Кол жазмалар бөлүмү менен таанышышты. Көргөзмө 2018-жылдын июль айында алгачкы жолу уюштурулат жана ал “Манас” эпосуна арналмакчы.

Пикир

Оставить комментарий