• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тилебалиев Пакистанда өткөн Ак илбирстин эл аралык күнүн майрамдоого катышты

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-октябрында Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин кеңешчиси А.Тилебалиев ардактуу конок катары Равалпинди шаарындагы Фатима Жина атындагы Кыз-келиндер университетинде өткөн Ак илбирстин эл аралык күнүн майрамдоого катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар 2013-жылы Бишкек шаарында демилгеленген Ак илбирсти жана экосистеманы коргоонун глобалдык программасын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын маанилүү ролун белгилешти.

Кеңешчи А.Тилебалиев өз сөзүндө Кыргызстан менен Пакистандын маданий жана тилдик жакындыгын, үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында Глобалдык программанын жетектөөчү комитетинин 6-жыйыны ийгиликтүү өткөнүн, ага 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышканын, Кыргызстанда экологиялык туризмдин активдүү өнүгүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, Ак илбирстин эл аралык күнүн Кыргызстан элчилиги Пакистан тарап менен биргеликте белгилөө жакшы салтка айланып, жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий