• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тилек Токтогазиевдин тарапташтары аны Өкмөт үйүнө алып кирүүгө аракет кылышууда - видео

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Бишкекте Тилек Токтогазиевдин тарапташтары аны Өкмөт үйүнө алып кирүүгө аракет кылышууда. Бирок Садыр Жапаровдун тарапташтары аларга каршылык көрсөтүүдө.

Буга чейин Элдик координациялык кеңеш Тилек Токтогазиевди КРнын премьер-министри кызматына көрсөткөн.

Кечээ парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматына С. Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

Аталган кеңештин курамына бир нече партия кирет: «Чоң Казат», «Ордо», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Мекен Ынтымагы».

Пикир

Оставить комментарий