Тилекке каршы, туристтик тармактын жетекчилеринин үнү угулбайт – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек. 11.10.19. /Кабар/. Тилекке каршы, туристтик тармактын жетекчилеринин үнү угулбайт, - деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп жатып.

Өкмөт башчынын айтуусунда, бул жергиликтүү өз алдынча органдардын дагы, калктын дагы, бизнестин дагы кыйла натыйжалуу багыттар боюнча туризмди өнүктүрүү зарылдыгын түшүнбөстүгүнө алып келет.

«Ушул кезге чейин туристтик Кыргызстан деген эмне экени тууралуу так баам жок. Туризм тармагына кандай долбоорлор керек, локациясы жана көлөмү кандай болуш керек деген айкын түшүнүк да жок. Ошол эле учурда жылдан-жылга туристтердин, туризм объектилеринин саны көбөйүүдө. Системалуу иш болбой жатканы айкын. Мындай жагдайда натыйжалуу бизнес-моделдери киргизүү менен дагы өлкөнүн туристтик кудуретин толук кандуу колдонгонго мүмкүнчүлүк болбойт», - деп баса белгиледи Абылгазиев.

Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине карашатуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу жана «Кыргызтуризм» мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков туризм тармагынын азыркы абалы жана өлкөнүн туристтик дараметин арттыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий