• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

"Тилектештик автобусу" миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Калктын укуктук маданиятын жогорулатууга жана юридикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган "Тилектештик автобусу" 1 миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Юстиция министрлигинин Адвокатура жана укуктук пропаганда башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Жарсул кызы билдирди.

Анын айтымында, "Тилектештик автобусу" мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен турган мобилдүү топ 12-ноябрдан 16-декабрга чейин жарандарга акысыз укуктук кеп-кеңештерди берүүдө.

"Министрликтин "Тилектештик автобусу" учурда Ош жана Чүй облустарында иштөөдө. Анда Юстиция, Соцөнүктүрүү министрликтеринин, Соцфонд, Каттоо, нотариус, кызматынын өкүлдөрү иштейт. Ал автобустардын кыдыруу мезгили тууралуу маалыматты министрликтин расмий сайтынан алсаңыздар болот", - дейт ал.

Салтанат Жарсул кызы кошумчалагандай, "Тилектештик автобусуна" жарандар үй-бүлөлүк, жер жана эмгек маселелери боюнча кайрылышууда.

Пикир

Оставить комментарий