• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Тилектештик автобусу» акциясынын алкагында 1,2 миң жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. «Тилектештик автобусу» акциясынын алкагында 1 миң 119 жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, акция 13-марттан 25-мартка чейинки аралыкта өткөрүлгөн. Анын негизги максаты калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Акциянын жүрүшүндө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору, адвокаттары, мамлекеттик нотариустар жана башка мамлекеттик органдардын кызматчылары аталган пилоттук облустарда калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүштү.

Натыйжада 1 199 адам акысыз юридикалык жардам алды.

Алардын ичинен:
Ош облусу - 419
Нарын облусу - 411
Чүй облусу - 369
Анын ичинде:
Аялдар - 688
Эркектер - 511
Социалдык статусу боюнча:
Аз камсыз болгон жарандар - 358
Пенсия жашындагы жарандар - 208
Иш менен камсыз болгон жарандар - 185
Жумушсуз жарандар - 401
Жашы жете элек балдар - 4
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 43
Жарандык статусу боюнча:
КРнын жарандары - 1175
Чет өлкөлүк жарандар - 19
Жарандыгы жок адамдар - 1
Качкындар - 4
Ошондой эле зомбулукка кабылган 12 жаран аныкталды.
Жарандардан келип түшкөн кайрылуулар:
Жер укугуна байланыштуу маселелер - 322
Социалдык коргоого байланыштуу маселелер - 364
Документтештирүүгө байланыштуу маселелер -180
Мүлккө байланыштуу маселелер - 120

Ошол эле мезгилде кызмат тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио) жана интернеттеги социалдык тармактар аркылуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий