• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ: Эки миңден ашык жаран башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга алынып келинди

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Эки миңден ашык жаран башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, КР президентинин тапшырасы боюнча жана Коопсуздук кеңеши менен Республикалык штабдын чечимдерине ылайык, министрлик тарабынан бир нече артыкчылыктуу багыт боюнча учурда иштер жүргүзүлүүдө.

"Бул - чет өлкөдөгү биздин жарандарга жардам көрсөтүү, эл аралык коомчулуктун көмөктөшүүсүн тартуу жана негизги өнөктөштөр менен соода-экономикалык мамилелерди сактоо болуп эсептелет. Коронавирус пандемиясы эл аралык мамилелердин өнүгүүсүнө, дүйнөлүк саясатка, мамлекеттер аралык кызматташууга чоң залакасын тийгизүүдө. Ага байланыштуу Тышкы иштер министрлиги эл аралык абалга атайын мониторинг жүргүзүп, дүйнөдөгү абалга талдоо жасап, тиешелүү сунуштамаларды даярдап жатат", - деп ал.

Нуранов кошумчалагандай, президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандары менен иш алып барууга өзгөчө көңүл бурулууда.

"20-мартта министрликте чет жакта жүргөн кыргызстандыктарга кайтып келүү, көмөк көрсөтүү максатында атайын штаб түзүлгөн. Күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүүдө. Ыкчам байланыш линиялары аркылуу биздин жарандарга кеп-кеңештер берилүүдө. Консулдук кызматтар көрсөтүлүүдө, жер-жерлерде иш жүзүндө дипломаттар да өз жардамын берип жатат", - дейт ал.

Министрдин биринчи орун басары билдиргендей, Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандардын тизмеси такталып, Республикалык штабга өткөрүлүп берилген.

"Чет жакта жүргөн жарандардын жайгашкан жери, саны тууралуу бизде так маалымат бар. Белгилүү болгон, акыркы кырдаалга байланыштуу чет жакта жүргөн кыргыз жарандарын Кыргызстанга алып келүү үчүн бир нече чартердик каттамдар уюштурулган. Мындан тышкары, Казакстандын көмөгү менен кыргызстандыктарды кайтарууга мүмкүн болду. Жалпысынан акыркы мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын 2 миң 719 жараны КРга алынып келинди", - деп маалымдады ал.

Алардын ичинен: Россиядан – 1531, БАЭден – 326, Түркиядан – 197, Сауд Арабиясынан – 285, Индиядан – 176, Египеттен – 131, Таиланддан – 52, Германиядан – 5 жана калгандары башка өлкөлөрдөн кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий