• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кулубаев бахрейндик кесиптешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Саясат 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу "Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия" стратегиялык диалогунун алкагында өттү.

Тараптар Кулубаевдин ушул жылдын июнь айында Бахрейнге болгон расмий сапарынын жыйынтыгын канааттануу менен белгилешип, жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашырууну улантууга макулдашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономика, инвестиция, каржы жана туризм чөйрөсүндөгү келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия жана бизнес кеңешин түзүү боюнча ишти улантууга макулдашты.

Кулубаев кыргыз тарап үстүбүздөгү жылы КР президентинин Бахрейнге расмий сапарын уюштурууга даярдык көрүп жатканын билдирди.

Аль-Заяни Бахрейндин жетекчилигинин атынан бул сапарды кубаттады.

Мындан тышкары, Кулубаев Бахрейн тарапты 2022-жылдын 19-сентябрында БУУнун башкы ассамблеясынын алкагында тоолуу өлкөлөргө арналган иш-чараларга катышууга чакырды.

Алдыда боло турган иш-чараларга сапаттуу даярдануу үчүн Кулубаев ишти айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейндеги элчиси Улукбек Мариповдун тез арада аккредитацияланышын күтөрүн билдирди, ага Аль-Заяни жооп жакын арада берилерине ишендирди.

Жолугушуунун соңунда Кулубаев бахрейндик кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырып, А.Аль-Заяни жакын арада барууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий